• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коопсуздук кеңештин жыйынынан соң кайсы жетекчилер кызматтан алынды? (тизме)

28 Үчтүн айы 2020 16:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын чечимине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эске салсак, жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдардагы жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана өлкөнүн стратегиялык объекттеринин тизмегине сунуштар каралган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен иштелип чыкты.

Бүгүн, 28-январда, Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Чечимдин тексти:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө

Айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга терең кирген коррупция, мамлекеттик органдар ортосундагы натыйжасыз өз ара кызматташуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине кийлигишүүсү, ар кандай мамлекеттик органдар арасындагы так координациялоонун жоктугу жана башка ушул сыяктуу ар кандай негативдүү факторлор Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө бир нече жылдар бою терс таасирин тийгизип келди.

Бул бир гана сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына гана эмес, ошондой эле экономиканын бүткүл тармактарына да таасир тийгизди.

Сот, көзөмөл жана укук коргоо системасындагы түзүлгөн көйгөйлүү абалды тез арада чечүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана кен казуу тармагындагы бышып жетилген көйгөйлөрдү жоюу, мамлекетти санариптик трансформациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан 2018-жылы жана 2019-жылдын биринчи кварталында үч жыйналыш өткөрүлгөн, аларда тийиштүү чечимдер кабыл алынган.

Тактап айтканда, антикоррупциялык иш-чараларды күчөтүүгө, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу улуттук системасын түзүү боюнча ишти улантууга, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарын ырааттуу реформалоого багытталган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын
8-февралындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» чечими.

Инновациялык ыкмаларды колдонууга, алдыңкы маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен бардык процесстерди автоматташтырууга, мамлекетти санариптик трансформациялоону тездетүү жана санариптик экономикага өтүү үчүн институционалдык жана инфраструктуралык мүнөздөгү жетиштүү болгон шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракетин бириктирүүгө негизделген мамлекеттик башкаруунун маселелерине жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин
2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечими.

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам жана иштиктүү чараларды көрүүгө, кен казуу тармагын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө жана экономиканын аталган секторун өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечими.

Кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү мамлекеттик саясатын аныктап, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө жаңы түрткү берип жатканына карабастан, каралган бардык иш-чаралар тиешелүү деңгээлде жана белгиленген мөөнөттө ишке ашпай жатат.

Кээ бир учурларда башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда ашыкча бюрократия же формалдык мамилелер байкалат. Чечимдерди аткаруу үчүн иштелип чыккан айрым ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана андан ары бекитүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан негизсиз созулууда.

Жогоруда жазылганга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аталган чечимдерин ишке ашырууну камсыз кылуу, уюштуруучулук тыянактарды жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Ж. П. Разаковдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г. У. Калиеванын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Ө.А. Жамшитовдун, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы
Д. Д. Догоевдин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы
Э. К. Осмонбетовдун, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Д. К. Сагынбаевдин баяндамалары маалымат катары эске алынсын.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин
2018-жылдын 8-февралындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын
14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимдерин (мындан ары — № 1, 2 чечимдер) ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш жетишсиз деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин
2019-жылдын 30-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимин (мындан ары — № 3 чечим) ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш канааттандырарлык эмес деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ишти активдештирүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
— 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө № 1, 2 жана
3 чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууга багытталган кошумча каржылоо булактарын аныктоо боюнча ишти жүргүзүү;

— № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара кызматташуусун жана координациялоону камсыз кылуу;

— «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдоону күчөтүү;

— 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын № 3 чечимди аткаруусу боюнча натыйжалуу чараларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштеп чыгуу;

автоматташтыруу процессин жана «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санарип мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана биринчи кезектеги маалыматтар базасын иштеп чыгууну
2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө аягына чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коммерциялык уюмдар менен «Түндүк» системасы аркылуу маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууларды түзүүдөн негизсиз баш тарткан учурларын жокко чыгаруу;
»Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн мындай укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарга материалдык сый акы төлөп берүүнүн тартибин регламенттеген мыйзамдык ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте № 1 чечимди аткаруу үчүн иштелип чыккан «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда бул чечимде каралган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды кароо;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына төмөнкүлөр каралган тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү:
»Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ченемдерди бузгандыгы үчүн кыйла катуу жоопкерчилик;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтүнүн эскиришин узартуу;
орун алган кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу.
№ 3 чечимде каралган иш-чараларды сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга контролду жана координацияны күчөтүү маселелери Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
К. А. Бороновго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине төмөнкүлөр сунушталсын:
— № 1, 2 жана 3 чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууга сапаттуу контролду камсыз кылуу;

2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө аталган чечимдерде каралып, аткарылбаган жана жарым-жартылай аткарылган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрүү;
№ 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын ведомстволук сайттарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз чагылдыруу.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине № 1, 2 жана 3 чечимдерде жана «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясында каралган иш-чараларды ишке ашырууга багытталган каржылоонун кошумча булактарын аныктоо боюнча ишти жүргүзүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:
— 2020-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө коррупциялык кылмыштарды жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыш иштерин иликтөөдө укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү;

2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө коррупциялык кылмыштарга тиешелүү болгон кылмыштардын так тизмесин белгилөө;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын актыларында чагылдырылган бузуулардын ар бир аныкталган фактысы боюнча туруктуу негизде прокурордук чара көрүү актыларын келтирүү жана аларды жасоого күнөөлүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аныктоо боюнча ишти активдештирүү, мындай бузуулар аныкталган учурларда прокурордук чара көрүү актыларын келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды көрүү;
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана мамлекеттик органдары менен биргеликте «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдү сактабаган мамлекеттик кызматчыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды, ишенимди жоготкондугуна байланыштуу же башка негиздер менен аларды ээлеген кызматынан бошотууга чейинки Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү менен туруктуу негизде жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына өзүнүн кызматкерлеринин коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды жасоосун, кызматтык тартипти жана этикалык ченемдерди бузууларын аныктоо жана болтурбоо боюнча ички иликтөө жана өздүк коопсуздук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ушул чечимин жана № 1, 2 жана 3 чечимдерин ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери:
аталган чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууну жеке контролуна алышсын;
жооптуу аткаруучулар тарабынан ушул чечимде жана № 1, 2 жана 3 чечимдерде каралган сунуштарды ишке ашырууга формалдуу мамиле кылуу учурларын болтурбасын;
№ 1, 2 жана 3 чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берүүнүн сапаттуу жана өз убагында болушуна көңүл бурсун;
квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын
10уна чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ушул чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына
2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте
2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр каралган
2020-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизсин:

— заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жараша коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдуу негиздерин түзүү;

коррупцияга каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары;
коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү начар иши жана алар жетектеген мамлекеттик органдардын ишине антикоррупциялык механизмдерди киргизүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилигинин жоопкерчилиги;
мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун институттарынын антикоррупциялык күч-аракеттерин координациялоо механизмин түзүү;
өлкөдө жана ар бир тармакта коррупциянын абалына баа берүүнүн жаңы критерийлерин иштеп чыгуу;
ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана колдонулуп жаткан мыйзамдарга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү;
2) № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча ишти улантсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Д. Абылгазиевге 2020-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды алмашуунун жоктугу үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун
1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине эскертүү берүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
2) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү процессин жана биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктургандыгы үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын
1-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

3) маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын
1-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

4) № 1 чечимди ишке ашыруу боюнча сапатсыз маалыматтарды бергендиги, ошондой эле мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун
1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) жетекчилигине эскертүү берүү;

5) № 3 чечимде көрсөтүлгөн сунуштарды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын контролдоонун жана координациялоонун жоктугу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси — министри С. А. Кылжыевге эскертүү берүү;

6) «Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча
(№ 2 чечимдин 5-пунктун аткаруу боюнча) формалдуу иш жүргүзгөндүгү, ошондой эле маалымкаттарды автоматташтыруу процессин жана «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктургандыгы үчүн
(№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 1-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жарыялоо:

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

7) авариялык абалда турган жана өзгөчө кесепеттердин келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон же экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген зыяндуу калдык сактоочу жайларды кайтарып алуу жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына коюу жана зыяндуу калдык сактоочу жайларды андан ары иштетүү жана күтүү максатында жеке жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн (№ 3 чечимдин 4-пунктунун 6-пунктчасын жана
4-пунктунун 7-пунктчасын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине сөгүш берүү;

8) Кара-Кече көмүр кенин толук экологиялык изилдөө боюнча тапшырмаларга формалдуу мамиле жасагандыгы, ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине сөгүш берүү;

9) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашуу процессин негизсиз үзгүлтүккө учураткандыгы, ошондой эле маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 1-абзацын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилигине катуу сөгүш берүү;

10) мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) жана № 3 чечимде каралган сунуштарды канааттандырарлык эмес ишке ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Э. К. Осмонбетовго жана анын орун басарлары К. Э. Ибраевге жана М. К. Джаманбаевге катуу сөгүш берүү;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системалуу кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине ведомстволук контролдун жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору
Дж.М. Джунушевди ээлеген кызматынан бошотуу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына
2020-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө № 2 чечимде каралган иш-чараларды тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкү борбордук жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата эскертүү түрүндө тартип жазасын берүү тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековго киргизүү сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;

— Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ушул чечиминин 14 жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери 2020-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө:
— № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашыруу маселесин тескеген өзүнүн орун басарларын, ошондой эле жооптуу аткаруучуларды аталган чечимдердин сунуштарын өз убагында ишке ашырбагандыгы үчүн катуу тартип жоопкерчилигине тартсын;

— № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашыруу боюнча так эмес же сапатсыз маалыматты берген ар бир учур боюнча күнөөлүү адамдарды катуу тартип жоопкерчилигине тартуу менен кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзсүн.

Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

Количество просмотров: 12062