Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдын уулу апасынан тизелеп кечирим сурады. Бул тууралуу видео социалдык түйүндөргө жайгаштырылды.
Видео материалда уулу болгон окуялар үчүн энесинен ыйлап кечирим сурап жатканын көрүүгөболот.
Эске салсак, 12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.
Облустук милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын жазаланышын талап кылышууда.