• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Корея Бишкек мэриясына гуманитардык жардам көрсөттү

18 Аяк оона 20209:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи шаардыктарга 500 даана бет кап, 20 даана атайы коргонуучу костюм, 2 кычкылтек концентраторун жардам катары берген.

Вице-мэр Виктория Мозгачева элчиге пандемия учурунда көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирген.

Количество просмотров: 77