• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Корея Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 300 миң доллар бөлдү

29 Бугу 2020 15:42 Бишкек Govori.TV

COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Корея Республикасынын өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 300 миң доллар бөлдү. Бул суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатылып алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргызстандын элчилигинин аракети менен 28 миң доллардан ашык суммага гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда бул гуманитардык жардам чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди. Жалпысынан 26,950 ПЧР-тест жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык топтому келди.

Количество просмотров: 29