• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кореядан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

10 Кулжа 2020 11:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстандын ТИМ менен Казакстандын ТИМ биргелешип ишке ашыруусунда Корея Республикасынан КРнын 12 жараны келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Биздин жарандар «Asiana Airlines» Корея авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна келишип, аларды Бишкек шаарына атайын транспорт менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери коштоп келди.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын үйлөрүнө кайтаруу маршруттарын издөө боюнча жана аларды алып келүү, өнөктөш-өлкөлөр менен биргелешип аракетешүү иштери улантылууда.

Количество просмотров: 129