• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Коргоо министри Нурлан Ермекбаевге катуу сөгүш жарыялады

15 Теке 201918:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019. Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Арыстагы аскердик кампадагы жарылууга байланыштуу коргоо министри Нурлан Ермекбаевге катуу сөгүш жарыялады. 15-июлда биринчи жолу өкмөттүн кеңейтилген отурумун өткөргөн президент Токаев Арыстагы жарылуунун себебин «системалык кемчиликтен жана аскердик мекемедеги көзөмөлдүн жетишсиздигинен» көрө турганын айтты.

Ермекбаев коргоо министри болуп былтыр августта дайындалган. Ал өкмөт отурумунда Арыстагы аскердик кампалар 2020-жылдын акырына чейин көчүрүлө турганын маалымдады.

Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Жергиликтүү бийлик 28-июнда шаар жарылуудан чачыраган ок-дарыдан толук тазаланганын билдирген. Ошол күнү үй-жайын таштай качкан тургундар Арыска кайтып келген. Айрым тургундар бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылышкан.

Количество просмотров: 14