• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коргоо министрлигинин аскер кызматкери баңгизатын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды

30 Теке 2022 13:42 Бишкек Govori.TV

Коргоо министрлигинин аскер кызматкери баңгизатын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңгизат каражаттарын сатуу жана таратуу фактысы боюнча КР Коргоо министрлигинин кызматкери, кенже сержант Г.В.А. кармалды.

Такталгандай, Коргоо министрлигинин белгилүү аскер кызматкери бир канча убакыттан бери Бишкек шаарынын жарандарына «Гашиш» баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп келгени аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкери кенже сержант Г.В.А. КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 313