Бүгүн Бишкектин аэропортуна Улуу Британиянын королу Карл IIIтүн самолету конду.
Самолет ушу тапта Австралияны көздөй учуп бара жатат. Ал Бишкекке май куюу үчүн конгон.
Король Австралияга жума күнү учуп барат. Буга чейин Австралиянын республикалык бийлиги аны жолугушууга чакырган. Себеби Австралия да башка мамлекеттердей өз алдынча болууну каалап, британ таажысынын таасиринен чыгууну көздөп жаткандыгын маалымат каражаттары жазышкан. Король Карл III мындай кадамга каршы эместигин билдирген.