• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда уча турган самолеттор Канадада текшерилди

28 Баш оона 202411:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы Asman Airlines компаниясы өлкөгө алып келе турган учактар Канадада сыноодон өткөрүлдү. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.

“Bombardier Dash Q8-400” үлгүсүндөгү самолет Канаданын “De Havilland Aircraft of Canada” заводунда чыгарылган. Текшерүүдө учуу ийгиликтүү болуп, учак бардык талаптарга жооп берээри айтылды.

Учактар өлкөгө алып келинери менен ички каттамдарды тейлей баштайт. Буга чейин Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы ички каттамдардагы билеттердин баасы канча болорун айткан.

Количество просмотров: 156