• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Коронавирус: 1 бейтап каза болуп, 31 жаңы учур катталды

22 Бирдин айы 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 22-февралга карата коронавирус 31 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 9;

Чүй облусунда – 16;

Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада 159 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 220 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 368 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 947 адам каза болду.

Количество просмотров: 63