• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Коронавирус: 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө

16 Чын куран 202010:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 466 адамга жетти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, учурда ооруканаларда 370 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө. Ошондой эле акыркы суткада 13 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ооруканадан жалпы 91 бейтап чыгып, 5 адам каза болду.

Количество просмотров: 244