• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: Бабанов 5 млн. берем деди

19 Жалган куран 2020 11:07 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сомдук жардам берет. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Саясатчынын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерге дары-дармектери үчүн которулат.

«Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат. Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек. Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик»,- деп айтылат Бабановдун билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 671