• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирус: Беш бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат

11 Чын куран 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Азыркы убакта коронавирус жуктуруп ооруканада жаткандардын саны 290 адамды түзөт. Алардын ичинен бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта беш адамдын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган.

“Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктоо үчүн 23 миң 870 адам анализ тапшырган. Алардын ичинен 22 миң 471инин анализдеринин жыйынтыктары чыкты”, — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 213