• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирус: Бишкекте канча адам жумушсуз калганы айтылды 

7 Бугу 202016:01 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө абал режими киргенден кийин борбор калаада 154 784 адам убактылуу жумушсуз калды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев брифинг учурунда билдирди.

«Коронавирус кооптуулугунан улам калаадагы 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтоткон. Ал эми азыркы тапта алардын 3 836сы ишин кайрадан жандантты»,-деди Бакетаев.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек шаарына 25-мартта киргизилген. Андан кийин мөөнөтү эки жолу узартылып, 10-майга чейин деп белгиленди. 1-майдан тарта ишкерликтин айрым түрлөрүнө уруксат берилген болчу.

Количество просмотров: 164