• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирус: Бишкекте массалык иш-чараларга тыюу салынды

29 Чын куран 202112:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте массалык иш-чараларга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин бардык массалык оюн-зоокторго, ири спорттук иш-чараларга, китепканаларга жана музейлерге адамдардын массалык чогулуусуна алып келүүчү (фестиваль, эсте калган даталарды белгилөө, жолугушуулар, флешмобдор ж.б) иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Кошумчалай кетсек, 29-апрелге карата борбор калаада 224 адам коронавирус жуктуруп, 6 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 491