Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына маалымдалат.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун депутат Курманкул Зулушев даярдаган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек.
Кошумчалай кетсек, өлкөдө 2010-жылы бийлик алмашканда элдик референдум аркылуу Конституция өзгөртүлүп, парламенттик башкаруу формасы тандалган.
Бул тууралуу маалымат жарыяланган соң социалдык тармакта талкуулар жаралып, сындар айтылууда.
Ал эми социалдык тармактын айрым колдонуучулары эл коронавирустун айласын таппай жатканда мындай кадам туура эместигин белгилешкен.