Кыргызстанда коронавирус аныкталган дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Темир жол ооруканасынан 1969-жылы турган эркек адам менен Токмок аймактык ооруканасынан 1974-жылы туулган аял киши көз жумду.
«1969 -жылы туулган эркек киши Бишкек шаарынын тургуну. Темир жол ооруканасына оор абалда кайрылган. Коронавирустун оор түрү тастыкталып, эки тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги болгон. 1969-жылы туулган жаран темир жол ооруканасына кайрылган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында COVID-19 вирусу диагнозу коюлуп, оорусу оор түрдө өтүп жатканы аныкталды. 2 тараптуу пневмония курч мүнөздө өтүп жатты. Ал 10 күн өз алдынча дарыланып, дары-дармектерди ичкен. Абалы жакшырбай, оорлогондо ооруканага кайрылган. Анын айтымында, чет жакка, башка региондорго жана массалык иш-чараларга барган эмес. Болгону үй шартында көпкө дарыланган. Тиешелүү дарылоо ыкмалары колдонулду, бирок бул эффект бербей, бейтап каза болуп калды», — деди Үсөнбаев
Муну менен өлкөдө каза болгондордун саны 37 адамга жетти.