Коронавирус: Кыргызстанда жаңы учурлар катталган жок
Коронавирус: Кыргызстанда жаңы учурлар катталган жок
18 Жалган куран 2020 20:02 Бишкек Govori.TV
1Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.
18-мартка карата эмне белгилүү?
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус жуктурган 3 учур катталды.
Алардын баары Кыргызстандын жарандары, 12-мартта Сауд Арабиядан учуп келишкен (эркек кишилер, 70, 62 жана 42 жашта).
Алар учуп келген бортто жалпы 135 адам болгон, алардын баары изоляцияланды.
Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бүгүн өкмөт коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди.