Коронавирус менен пневмониядан сакайган 400 адам ооруканадан чыгарылды
Коронавирус менен пневмониядан сакайган 400 адам ооруканадан чыгарылды
3 Бештин айы 2020 11:27 Бишкек Govori.TV
Акыркы сутканын ичинде өлкө аймагындагы ооруканалардан коронавирус менен пневмониядан сакайган 400 адам чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаарында 99 адам;
Ош шаарында 55 адам;
Чүй облусунда 86 адам;
Ош облусунда 21 адам;
Талас облусунда 5 адам;
Нарын облусунда 12 адам;
Ысык-Көл облусунда 35 адам;
Жалал-Абад облусунда 50 адам;
Баткен облусунда 37 адам айыкты.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 65 миң 589 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.