• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирус. Министрлик анализдерди текшергенге жетишпей жатат

26 Кулжа 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Govori.TVнын «Майдан» дебатында ЖК депутаты Руслан Казакбаев Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаеве кайрылып, эмне себептен ПЦР-тест тапшырууну каалагандар жетиштүү деңгээлде тейленбей жатканына кызыкты.

«Сиздер маселени, болуп жаткан көйгөйдү элге ачык айтып, жеткиришиңер керек да. Мисалы жардам ала албай калган жарандар көп кайрылып жатышат. Ал эми таптырган анализдердын жыйынтыгы кармалып жатат. Мен Бонецкийге чалсам, муздаткычтар толуп калды, жабдыктар ысып кетти деп жатышат. Мунун чечүүнүн жолун ойлонушубуз керек. Айрымдар акчасына да анализ тапшыра албай жатышыптыр», — деген пикирин айтты.

Эл өкүлүнө жооп берген Үсөнбаев учурда кыла турган иш көбөйүп кеткенин белгилеп, бирок болгон колдон келген аракет көрүлүп жатканын айтат.

«Эч ким тейленбей калган жок, кошумча кызматкерлерди ишке тартып жатабыз, кыска номурлуу байланыштар иштеп, элге кеңеш берип жатат. Бир канча айдан бери тынымсыз иш жүрүп жатат. Бир нече жабдык көтөрө албай жарактан чыкты, анализ чыгарган ошол эле лаборанттар буттарына турбай калды, күндөп-түндөп иштетип жатып. Колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Мисалы мамлекеттик органдар 200дөн 500дөн кызматкерлеринин тизмеси менен келип, текшерүү керек болуп жатканын айтышууда. Жеке менчик лабораториялар ишке тартылган жок, аракет көрүлүп жатат», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 260