Коронавирус Молдова өлкөсүнө да жетти. Бул тууарлуу «РИА Новости» басылмасы жазды.
«Молдова Республикасынын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлиги коронавирустун жаңы түрү өлкөдө биринчи жолу катталганын расмий тастыктады. Бейтап — 48 жаштагы аял Италиядан 8-мартта келген», — деп айтылат маалыматта.
Бейтап аял ооруканага жеткирилди. Маалыматтарда ал кант диабети жана гипертония менен жабыркай турганы айтылат.