• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коронавирус: Түштүк Кореяда 28, Вьетнамда 15 жана АКШда 13 адам илдетти жуктурду

12 Бирдин айы 2020 9:47 Бишкек Govori.TV

Кытайда өпкөнү сезгентүүчү вирусту Вьетнамда 15, АКШда 13 жана Түштүк Кореяда 28 адам жуктурду. Бул туууралуу аталган өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкенин РИА Новости жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 398 адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 12 кишиде оору катталса, 318инин анализи терс чыккан. Дагы 68 жарандын анализдеринин жыйынтыктары чыга элек.

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктурган 28-учур катталган. Ал 30 жаштагы кытайлык аял болгон. Буга чейин анын жакынында илдет байкалып, ооруканага жаткырылган. 30 жаштагы жаран да үй карантинге алынган. Бирок анализдеринде коронавирустун белгилери аныкталган.

Кошумчалай кетсек, Кытайда коронавирусту 42 миң 638 адам жуктурса, 1016 жаран көз жумган.

Количество просмотров: 226