• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус табылган 3 жаран «Манас» аэропорту аркылуу келишкен

18 Жалган куран 202013:13 Бишкек Govori.TV

Коронавирус табылган 3 жаран 12-мартта «Манас» аэропортуна учуп келишкен. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

“Коронавирус табылган 3 жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен 2020-жылдын 12-мартта саат 20:57де «Манас» аэропортуна учуп келишкен, чартер каттамдын номери ABY 345. Аталган бортто 135 жүргүнчү болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, учурда Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган соң райондун аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Белгилей кетсек коронавирус, жугузуп алганы аныкталганын кыргызстандыктар менен бирге учуп келишкен жарандардын 90ну обсервацияга алынган. Калганы изделүүдө.

Количество просмотров: 1886