Бүгүн,24-мартта таң эрте Таласка кирчү унаа жол жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Govori. TVга билдиришти.
Мындан сырткары, Кыргызстандын аймагындагы ар бир айылдын чыга беришинде посттор уюштурулуп, жергиликтүү бийлик, милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөөдө.
24-марттагы эртең мененки расмий маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 вирусун алып жүргөн 16 жаран бар. Алардын сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен райондорунда, экөө Бишкек шаарында катталган. Жаңы коронавирус жуккан 16 кишинин жетөө — эркек, тогузу — аял.