Таш-Төбөдөгү (Воронцовка) Курортология илим изилдөө борборун коронавируска изолятор кылуу айтылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги окурмандардын маалыматына таянып жазды.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги курорттук жайды изолятор кылуу сунушу гана айтылганын билдиришти.
«Өпкөнү сезгентүүчү илдетти өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча штабга Таш-Төбөдөгү Курортология илим изилдөө борборун изолятор кылуу сунушталды. Бирок бул маселе чечиле элек», — деп билдиришти мекеменин басма сөз катчылыгынан.