Кыргызстанда анализинен коронавирус табылбаган, бирок клиникалык белгилери боюнча окшош дартка чалдыккандар үчүн кошумча орундар ачылууда. 26-июндан тартып Чүйдүн Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунда 300дөн ашуун орун ачылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Мындан тышкары, Каратаевдин айтымында, Бишкектеги №1 оорукананын бир корпусу пневмония болуп ооруп жаткандарды кабыл алууга даярдалып жатат.
Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жукту, 43 адам каза болду.
Соңку күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйүү жагында баратат. Өкмөт абал айрыкча Бишкекте оор экенин белгилөөдө.