• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус жөнүндө уктуңар беле? Жапаров Ошто стадионго эл чогултту (сүрөт)

3 Жетинин айы 2020 13:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Жапаров менен жолугушууга жүздөгөн адамдар келишкен.

Бегилей кетсек, коронавирустун жаңы учурлары акыркы күндөрдө 400дөн кем каттала элек. Вирус эң көп баш калаа Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда тарап жатканы расмий кабарланууда.

Чогулгандардын алдында Садыр Жапаров көпчүлүк жарандарды кызыктырган 2020-жылдын 10-январына белгилеген Президенттик шайлоо боюнча суроого өзүнүн позициясын билдирип, шайлоого талапкер катары катышарын кошумчалады.

«Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи деген суроолор айтылууда. Жогорку Кеңеш өз убагында Президенттик шайлоонун датасын белгилей алышкан жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Мыйзам чегинде БШК шайлоо күнүн белгиледи. Мен буга чейин билдиргенимдей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам – мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт деп так белгиледи.

«Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш – бул административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм! Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче анын курмандыгынын бирөөсү мен болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп – камалдым. Бирок Кудай бар экен, элим бар экен – баарын орду-ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем», — деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Количество просмотров: 232