• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус жана пневмония салык кызматынын 7 кызматкеринин өмүрүн алды

31 Теке 2020 20:13 Бишкек Govori.TV

Эки ай (июнь-июль) аралыгында коронавирус пандемиясы жана пневмония оорусу салык органдарынын 7 кызматкеринин өмүрүн алгандыгын Мамлекеттик салык кызматы өкүнүч менен билдирет.

Алар:

Турат Имеров, Салык кызматынын борбордук аппаратынын ага инспектору;

Назгуль Керимакунова, Тогуз-Торо району боюнча салык органынын бөлүм начальниги;

Кубатбек Асанкожоев, Октябрь району боюнча салык органынын ага инспектору;

Авазбек Маманазаров, Кызыл-Кыя шаары боюнча салык органынын ага инспектору;

Гулзаада Байгудинова, Жайыл району боюнча салык органынын ага инспектору;

Элмирбек Арзыматов, Биринчи Май району боюнча салык органынын башкы инспектору;

Кенжеахун Бостонбаев, Салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан салык кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясынын курмандыктары боюнча улуттук аза күтүү күнү коронавирус инфекциясынын натыйжасында өз жакындарын жоготкон кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Количество просмотров: 217