Кыргызстанда COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 4 миң 214тү түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
“Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 197 адам жатат”, — деп айтылат маалыматта.