Коронавирус жуктуруп алгандардын бири жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу 23-мартта эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.
Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял.
«Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды», — деди ал.