• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү

23 Жалган куран 2020 13:52 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн жана жарандардан жардам иретинде атайын ачылган эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал учурдагы кырдаалда бизнес өкүлдөрүнөн жана жарандардан жардам иретинде каражат берилип жатканын айтып, алар Каржы министрлигинде жана «Айыл Банк» жана «РСК Банкта» ачылган эсепте топтолууда.

Анын айтымында, учурда ал акчалардан бир сом да сарптала элек.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетти.

Количество просмотров: 138