11-майга карата Кыргызстанда дагы 14 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен эки адам Ысык-Көл облусунда катталган. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Белгилүү болгондой коронавирус аныкталган эки жарандын бири илдети Россиянын Екатеринбург шаарынан келген жарандардын арасынан табылган. Алар Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын обсервациясында жаткан.
Ал жаран 3 күн Бишкек шаарында обсервацияга алынып, алгачкы анализдеринин жыйынтыгы терс чыккан. Андан соң өзү менен чогуу келген 7 жаран болуп Ысык-Көл облусуна жөнөтүлгөн. Алар облуска келгенде Каракол шаарындагы обсервацияга жаткырылган.
Ысык-Көл облусунда коронавирустун экинчи учуру Жети-Өгүз районунда катталды. Ал Нарын облусунан келген куруучу экени айтылды. Ал курулуш компаниясынын бригадасында иштеп жаткан. 1-майда курулуш иштерине уруксат берилгенде ишкана кызматкерлерди Ысык-Көлгө алып келген. Алар обсервацияга жаткырылып, анализдер алынган. Учурда илдет табылган жаран бейтапканага жайгаштырылган.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда буга чейин 10 адамдан коронавирус аныкталып, баары сакайып, ооруканадан чыгарылганы айтылган эле.