• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Коронавирустан көз жумган биринчи медик тууралуу маалымат айтылды

3 Бугу 2020 10:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрдү.

Брифинг учурунда каза болгон №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси тууралуу Айнура Акматовамаалымат берди.

«Коронавирус оорусунан каза болгон кесиптешибиздин жакындарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтып кетүүгө уруксат бериңиздер. №3 үй-бүлөлүк медицина борборунан коронавирус жуктуруп, каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева Кочкор районунда төрөлгөн, 30 жылдан ашуун медицина тармагында иштеген. Саламаттыкты сактоо системинин отличниги болгон. Өз ишин мыкты билген адис катары жашап өттү», — деди Акматова.

Жүзүмкан Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Улахол айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп, андан кийин №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенди. Саламаттыкты сактоонун отличниги, саламаттыкты сактоо мекемелеринде 30 жылдан ашык иштеген жогорку категориядагыдарыгер болгон.

Количество просмотров: 10928