• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустан каза болгон бейтап илдетти жуктурганын билбей, үйүндө ооруп жаткан

21 Чын куран 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда коронавирустан каза болгон бейтап илдетти жуктурганын билбей, үйүндө ооруп жаткан. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-апрель күнү маалымат жыйында Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап – Чүй облусунда 70 жаштагы кемпир жана Ош шаарында 79 жаштагы карыя каза болгону айтылган. Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары алар тууралуу кененирээк маалымат берди.

«Ош облусунда каза болгон бейтап ооруканада дарыланып жаткан. Жаш курагына байланыштуу өнөкөт оорулары бар болгон. Коронавирус жуктурган учурда иммундук системасы алсызданып калган болушу мүмкүн. Дарылоо аракеттерине карабай ал бейтап каза болду. Чүй облусунда каза болгон бейтап көпкө чейин үйүндө ооруп жаткан. Анын да өнөкөт оорулары болгон. Көпкө чейин медициналык жардамга кайрылган эмес. Өз убагында ооруканага жатуудан баш тарткан. Аны оор абалда ооруканага алынып келгенде дарыгерлер аны коронавируска текшерүүнү чечишкен. Анализ алынып, анын жыйынтыгы оору бар экенин көрсөткөн. Ал менен байланышта болгондор аныкталды: үйүндөгү 5 адам ал менен тыгыз байланышта болгон. Алар үй карантининде болуп, медициналык көзөмөлдө турушат. Биздин эпидемиолог адистер оорунун ал очогунун чектерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Ал иштер аяктагандан кийин так маалыматтарыбыз болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 590го жетет. Алардын ичинен 216 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Количество просмотров: 6468