• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Коронавирустан каза болгондордун саны 32ге жетти

19 Кулжа 2020 10:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июнга карата коронавирустан дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурда билдирди.

«Бейтап 1950-жылы туулган. Анын 25-майда дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган. Кыргыз-Түрк ооруканасында дарыланып жаткан. Эки тараптуу пневмония болгон. Дарылоо процесси жүрүп, дарылаганга карабастан күндөн-күнгө абалы оорлогон. Мурдагы оорулары күчөп, жүрөк оорусу дагы болгон», — деди Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 32ге жетти.

Количество просмотров: 126