• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирустан улам Жумгалда кытай жарандарына каршы митинг болду

24 Бирдин айы 2020 19:00 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 23-февралда Жумгал районуна караштуу Кызыл-Коргон айылында кытай жарандары болгон жол куруучулардын иштешине каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, акцияга чыккандар кытай жарандарын чыгарууну талап кылышкан.

«Буга чейин деле Кытай жарандары жол куруп иштеп жатышкан. Бирок жакында дагы алтоо кошулду. Аларды биздин аба майдандан дене табын ченеп туруп эле коё беришиптир. Эми алардын ичинен төрт Кытай жараны биздин айылда карантин деп изолятордо жатат. Ухандан аял-күйөөсү болгон жубайлар келгенин билебиз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 696