• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирусту дагы 7 медицина кызматкери жуктурду

4 Кулжа 202010:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди. Бүгүнкү күнгө карата дагы 28 адам коронавирус менен катталган. Алардын ичинен 7 бейтап медицина кызматкери.

Жаңы катталган 2 медицина кызматкери Бишкек шаарында, 4 кызматкер Ош шаарында жана 1 кызматкер Нарын облусунда. Ал эми акыркы суткада ооруканадан 5 медицина кызматкери айыгып чыкты.

Кыргызстанда жалпы 372 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 270 адам айыкты.

Количество просмотров: 90