• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирусту тамашага айландырган блогер соттолду

3 Баш оона 2021 9:39 Бишкек Govori.TV

Москва шаарынын Пресненский райондук соту 2020-жылы метродо коронавирус маселесин тамашага айландырган тажикстандык блогерди эки жыл төрт айга түрмөгө кести. Бул тууралуу ТАСС агенттиги анын адвокатына таянуу менен билдирди.

Сот Жабборовду топ киши менен алдын ала сүйлөшүп алып бейбаштык жасоо боюнча айыптуу деп тапты. Бул иштин башка бир фигуранттары – Станислав Мелихов менен Артур Исаченко эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

2020-жылы 2-февралда Москва метросунда жаш жигит кокустан эс учун жоготуп койгондой түр көрсөткөн. Шериктери анын коркунучтуу вирустук инфекциясы бар экенин айтышып, жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салышкан. Кийинчерээк бул учур тартылган видеоролик Интернетте тараган. Кароматулло Жабборов бейбаштык үчүн 8-февралда кармалган. Айыпталуучулардын адвокаттары жигиттер “коронавирустан коргонуу маселеси канчалык маанилүү экенин көрсөтүү үчүн” видеону Интернетке жүктөшкөнүн, тамаша үчүн түрмөгө камоого болбой турганын айтышууда.

Количество просмотров: 170