• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирустун бар-жогун аныктаган тесттерди кимдер тапшыра алат?

21 Жалган куран 2020 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда тест-системалардын саны жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн брифингде коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы маалыматтарды айтып жаткан Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков билдирди.

«Коронавирустун бар-жогун аныктаган тесттерди оорунун белгилери бар болгон бардык каалоочулар тапшыра алат. Бирок эгерде сиз эпидабалы жагымсыз делген өлкөлөрдөн келбесеӊиз жана илдетке чалдыккандар менен эч кандай байланышпасаӊыз, анализ тапшыруунун кажети жок. Биринчи кезекте, дарыгерге кайрылуу керек», — деди ал.

Айта кетсек, бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктурган дагы 6 учур катталды. Жалпы саны Кыргызстан боюнча 12ге жетти.

Количество просмотров: 133