Бухара облусунун Шафиркан районунда короосуна апийим жана каннабис (кара куурай) өстүрүп жаткан жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
80 жаштагы жашоочунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 300 чарчы метр аянтта өсүп жаткан 2524 түп апийим жана 4 түп кара куурай табылган.
Сурак маалында үй ээси 19 килограмм түшүм алып, аны саткысы келгенин мойнуна алган.
19-майда Самарканд облусунун Жамбай районунда да апийим өстүрүү айыбы менен 96 жаштагы жергиликтүү тургун камакка алынган. Текшерүү маалында ал короосуна 122 түп апийим өстүрүп жатканы аныкталган.