• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Орусияда 15 жаштагы кызын кордоп жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

23 Баш оона 2020 1:19 Бишкек Govori.TV

Орусияда эки жыл бою өзүнүн 15 жаштагы кызына карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу 22-августта орус басылмалары укук коргоо органдарына шилтеме берип жазды. 

Маалыматка караганда, 21-августта Киров районундагы мектептердин биринин директорунун орун басары милицияга кайрылган. Анын айтымында, 1981-жылы туулган, Россиянын түндүк борборунда убактылуу катталган Кыргызстандын жараны эки жыл бою өзүнүн 15 жаштагы кызына карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жүргөн.

Аталган жаран Санкт-Петербург полициясы тарабынан кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 780