• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Коррупция менен соттолгондордун депутат болушун тыюу боюнча мыйзам долбоор коомдук талкууга чыкты

28 Бугу 202016:44 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор 28-майдан тартып коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган мыйзам долбоорунда учурдагы мыйзамга «чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсеби болгондор, 319-берене («Коррупция») менен соттолгондор жана алардын жакын туугандары парламент депутаты боло албайт» деген өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов. Ал өз демилгесин мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарда коррупцияга жол бербөө аракети катары түшүндүрүп жатат.

Эгер ал сунуш кылган мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коррупция» боюнча соттолгон жарандардын парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салынат. Алардын жакын туугандары да шайлоодо өз талапкерлигин коё алышпайт.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.

Количество просмотров: 17