• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коррупцияга каршы күрөшкөн уюмдардын ишин колдоо максатында атайын фонд түзүлдү

16 Жетинин айы 2021 11:40 Бишкек Govori.TV

Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынында билдирди.

Анын айтымында, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык кылмыштар тууралуу фактыларды билдирген адамдарга сый акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарыл.

“Бул усул – көйгөйдү чечүү механизмдеринин бири. Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Финансы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Ошондой эле коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупциялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фонддон бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек. Коррупцияга каршы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, коомдо коррупцияга каршы атмосфераны түзүү үчүн коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо, анын ичинде каржылоо чараларын караштыруу зарыл”, — дейт президент.

Белгилей кетсек, бүгүнкү иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышууда.

Анын алкагында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Количество просмотров: 71