• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коррупцияга шек саналып кармалган Кубанычбеков 2 айга камакка алынды

19 Үчтүн айы 202219:06 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга шек саналып кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Адилет Кубанычбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2022-жылдын 17-март күнүнө чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.

Эске салсак, 17-январь күнү Улуттук коопсуздук кызматы Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармаган. Ал бул кызматка өткөн жылдын 27-октябрында дайындалган.

Количество просмотров: 121