• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Коррупцияга шек саналып кармалган Кубанычбековдун бөгөт чарасы качан каралат?

19 Үчтүн айы 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга шек саналып кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун бөгөт чарасы 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аныкталат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Адилет Кубанычбековдун бөгөт чарасын кароо тууралуу материал сотко келип түшө электигин кабарлады.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип 17-январда кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, УКМК бажы кызматынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтарды алган.

Бул боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө Бажы кызматынын жетекчилиги товар импорттоого катышкан жеке компанияларды коргоп, жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузганы, үзгүлтүксүз пара алып туруу үчүн товарларды жашыруу схемаларын колдонгону, жеке байлык топтоо максатында инвестор компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашырганы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 77