• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адилет Кубанычбековдун бошотулушун талап кылгандар УКМКнын алдына митингге чыгышты

19 Үчтүн айы 202213:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда коррупцияга шек саналып кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун тарапташтары УКМКнын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар Кубанычбековду үй камагына бошотуу талабын коюшту. Адилет Кубанычбековдун бөгөт чарасы 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аныкталат деп күтүлүүдө.

Эске салсак, 17-январь күнү Улуттук коопсуздук кызматы Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармаган. Ал бул кызматка өткөн жылдын 27-октябрында дайындалган.

Количество просмотров: 244