• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бажынын экс-төрагасы Кубанычбековго өкүм чыкты. Ага 1 миллион айып салынды

15 Аяк оона 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын экс-төрагасы Адилет Кубанычбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен 10 000 (он миң) эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 1 000 000 (бир миллион) сом мамлекеттик кирешеге айып салууга өкүм кылынганы кабарланат.

Эске салсак, Бажы кызматынын экс-төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда кармалган.

Кубанычбеков 18-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен абактан бошотулган. Буга ишти тергеген УКМКнын өтүнүчү себеп болгон. Анткени Кубанычбеков өзүнө тагылган айыпты моюнга алып, мамлекетке келтирилген зыянды кайтарган.

“Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Адилет Кубанычбеков баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды моюнуна алды”, — деп маалымат тараткан атайын кызмат.

Белгилей кетсек, Адилет Кубанычбеков бажы кызматына 2021-жылы 26-октябрда дайындалган.

Количество просмотров: 1242