• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кош бойлуу аялын тепкилеген адам жазасыз калабы?

6 Бугу 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус илдетине байланыштуу жардамга муктаж жарандарга мамлекеттен тышкары ишкерлер, катардагы жарандар колунан келген жардамдарын беришүүдө. Тамада Эрнест Бөрүбаев инстаграммдагы өздүк баракчасына кезектеги кайрымдуулук иштеринен күбө болгон окуя тууралуу бөлүштү.

Анда келиндин жолдошу  «боюңдан алдырасың»-деп сабаган.

https://www.instagram.com/tv/B_xhsfLJzrC/?igshid=1tev77mae3q8h

«Ушул жашка келип, канчалаган эркекче мушташтарды көрдүм бирок, бул келиндин бети көгөргөндөй мыкаачылыкты эч жерден көргөн эмесмин», — деп жазган Бөрүбаев.

Мындан көп узабай, Бөрүбаев келиндин жакындары алып кеткенин кабарлады.

https://www.facebook.com/100004069903964/videos/2115508358594807/

«Күйөсү сабаган келинди туугандарына жолуктурдук.Видео чыккандан кийин, туугандарына кабар жетип, тайкеси келип алып кетти»,-деп билдирди Бөрүбаев.

Белгилей кетсек, Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 62% жогору экенин 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирген эле.

Количество просмотров: 284