• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: 2019-жылы 5000ден ашуун үй-бүлөдө зомбулук фактысы катталган

10 Үчтүн айы 2020 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө аялдарга карата зомбулук көкөй кескен мүшкүл болуп турганын билдирди. Бирок жабыркагандар көп учурда арыз жазбагандыктан, фактылар ачыкка чыкпай кала берүүдө. Бул тууралуу мекеме 9-январда билдирүү таратты.

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факты катталып, беш миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы административдик чара көрүлүп келген. 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстерде кылмыш жоопкерчилиги каралып, Жоруктар кодексинде онго жакын берене жазылган.

2020-жылдын башында эле Баткенде жана Нарында эки аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгону кабарланды. Экөөнүн күйөөлөрү камакка алынды. Ысык-Көлдө жубайына бензин куюп, өрттөгөн эркек да эки айга камалды

Количество просмотров: 36