• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто кош бойлуу келин бычакталды

24 Баш оона 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

Ошто күйөөсү бычактаган кош бойлуу келиндин баласы чарчап калды . Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-августта саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз түшкөн. Анда 33 жаштагы С.И. аттуу кош бойлуу аял оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы айтылган.

Аталган факты милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

«Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И. өзүнүн үйүндө аялы С.И. менен пикир келишпестиктен улам аны учтуу нерсе менен сайып жибергени аныкталган. Натыйжада жабырлануучу Ош облусттук төрөт үйүнө жеткирилген. Кийин курсактагы бала каза болуп, ал эми жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган»,-деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин «кылмыш жасоого аракеттенүү»» жана «адам өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 114